Жер ортолук деңизде ондогон качкын дайынсыз жоголду

© AP Photo / Santi PalaciosДеңиздеги качкындар. Архив
Деңиздеги качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү кечинде Жер ортолук деңизде кеменин кыйроосунан 15 мигрантты куткарууга мүмкүн болгон.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү кечинде болжол менен Ливиянын жээгине жакын аралыкта кеменин кыйроосунан улам ондогон мигрант дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Италиянын жээк күзөтүнө шилтеме кылып РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, нефть ташыган кеменин моряктары Жер ортолук деңиздеги бул жаңы трагедиянын күбөлөрү болушкан. Алар бортко 15 качкынды чыгарууга жетишкен. 

"Чөгүп кеткен кайыктагы качкындардын көпчүлүгү учурда дайынсыз жоголгондордун катарында. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кеп ондогон адамдар тууралуу болууда. Италиянын жээк күзөтүндөгү катерлери жана тиешелүү кызматтары кеме чөгүп кеткен аймакка тез арада барган. Азыр жоголгон адамдарды издөө уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан бери миграциялык жактан олуттуу кризисти башынан өткөрүп келет. Бул кырдаал биринчиден куралдуу жаңжалдар жана Африка, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү курч экономикалык көйгөйлөрдөн келип чыккан. Миграция боюнча эл аралык уюмдун (IOM) маалыматына ылайык, 2016-жылдын башынан бери Европага деңиз аркылуу 328 миңден ашык качкын келишкен. Алардын ичинен 4 миңден ашыгы курман болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0