Эми WhatsApp аркылуу видеочалууга жол ачылат

© flickr.com / Jan PersielУюлдук телефондогу WhatsApp тиркемеси. Архив
Уюлдук телефондогу WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин WhatsApp тиркемесинин бул функциясы сыноодон өтүп жаткан.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. WhatsApp тиркемеси аркылуу жакын арада эми видео чалууларды дагы жасаса болот. Бул тууралуу компаниянын расмий блогунда маалымдалды. 

Буга чейин мессенжерди иштеп чыккандар тиркеменин бул функциясы сыноодон өткөрүшкөн

"Бүгүн биз адамдарды бириктирген WhatsApp тиркемесинин видеочалуу функциясы ишке ашканын кубануу менен жар салгыбыз келет. Жакын арада тиркеменин миллиарддан ашуун пайдалануучусу Android, iPhone жана Windows Phone түзүлүштөрү аркылуу видеочалуу жүргүзө алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Функцияны пайдалануу үчүн колдонуучу чалуу кнопкасын басып, ал жактан үн жана видеочалуу сыяктуу эки опция сунушталат. Сүйлөшүү учурунда негизги жана алдыңкы камераларга өтүп, үндү өчүрүүгө мүмкүн болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0