Трамп 3 миллион мигрантты депортациялаганы жатат

© AFP / GUILLERMO ARIASАКШ чек арасында кезекте турган мигранттар. Архив
АКШ чек арасында кезекте турган мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дональд Трамп АКШда жүргөн мигранттардын көбүнчөсү кылмышкерлер экенин айтып, аларды өлкөдөн чыгарып, болбосо түрмөгө камай турганын баса белгиледи.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп америка-мексика чек арасына дубал куруп, мыйзамсыз жүргөн үч миллион мигрантты өлкөдөн чыгарарын CBS каналына маек бери жатып айтты.

Трамп өз сөзүндө АКШда жүргөн мыйзамсыз адамдардын көбү кылмышкер экенин айткан.

"Биз өлкөдөгү кылмышкер, мурда жазага тартылган, баңгизат ташыган, ар түрдүү бандалардын мүчөсүн депортация кылалы деп жатабыз. АКШда мындай адамдар толтура. Алардын саны эки миллиондон ашык, үч миллионго чукул. Биз бул адамдарды өлкөдөн чыгарабыз же түрмөгө камайбыз. Алар бул жакта мыйзамсыз жүрүшөт", — деди Трамп.

Миллиардер мындан сырткары, Мексика менен чектеш жерге дубалдар куруларын, ал эми башка чек араларга атайын тосмолор коюларын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0