Дубайда автоунаалар айдоочусуз тесттен өтө баштады

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүДубай. Архив
Дубай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул транспорт каражаттары Business Bay деп аталган 650 метрлик каттам менен жүрүп жатат.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Дубайдын Транспорт жана жолдор башкармалыгы Дубайда 10го жакын адамдарды ташый турган автоунааларды айдоочусуз тесттен өткөрө башташты. Бул туурасында РИА Новости Arabian Business басылмасына таянып кабарлады.

Учурда бул транспорт каражаттары Business Bay деп аталган 650 метрлик каттам менен жүрүп жатат.

Зарубежные страны: Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Кореяда эмдиги жылы унаадагы күзгүнүн ордуна камера коюлат
Башкармалыктын өкүлү Ахмед Бахрозиандын айтымында, тестирлөөнүн максаты — Дубайдын ысыгына чыдап алар-албасын текшерүү жана тургундарды автономдуу транспорт менен кабардар кылуу. 

Дубай өкмөтүнүн стратегиясына ылайык, 2030-жылы аймактагы мобилдүү кыймылдын 25 пайызы "айдоочусуз транспорт" деген категорияга кирет.

Аталган башкармалык мындай автоунааларды башка да райондордо — метролордун станцияларында, соода борборлорунда, туристтерге белгилүү болгон жерлерде, бизнес-борборлордо, парктарда колдонууга киргизүүнү пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0