Toyota автоунаа ээлерине 3,4 млрд. доллар компенсация төлөп берет

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКомпания Toyota отзывает ряд автомобилей из-за неисправности
Компания Toyota отзывает ряд автомобилей из-за неисправности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лос-Анжелес соту доону негиздүү деп таап, компанияны акыркы 12 жыл ичинде сатылган автоунааларды текшерүүдөн өткөрүүгө милдеттендирген.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Toyota Motor Corp. автоунаа компаниясы өзү чыгарган бир нече үлгүлөрүнүн конструкциясын дат басып кетип, кооптуулук жараткан бир катар кемчиликтери үчүн автоунаа ээлерине 3,4 миллиард доллар компенсация төлөп берет. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып билдирди.

Токтогул ГЭСи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСин куруудагы зыян үчүн төлөнүүчү компенсация 70 млн. сомго жогорулады
АКШдагы автоунаалардын ээлери топтошуп доо арыз берген. Анда 2005-2010-жылдардагы Toyota Tacoma, 2005-2008-жылдары чыккан Tundra спорттук жолтандабасы, 2007-2008-жылдардагы Sequoia жолтандабасын дат басуудан жетиштүү корголгон эместиги айтылган.

Лос-Анжелес соту доону негиздүү деп таап, компанияны акыркы 12 жыл ичинде сатылган автоунааларды текшерүүдөн өткөрүүгө милдеттендирген. Toyota айтылган кемчиликтерди тааныбай турганын, бирок компенсация төлөй тургандыгын айткан. Компанияны бул кадамы менен "чыгарган автоунааларынын сапаттуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө жооп бере тургандыгын" көрсөтүп жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0