Афганистандагы терактыдан америкалык 4 аскер каза таап, 16сы жарадар болду

© REUTERS / Omar SobhaniАтака террориста-смертника на базу США в Афганистане
Атака террориста-смертника на базу США в Афганистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуу жергиликтүү убакыт менен саат таңкы 5:30да Баграмда аскер аба базасында жаңырган.

БИШКЕК, 13-ноя. – Sputnik. Афганистандагы АКШнын аскер аба базасында жанкечти жардыруу жасап, америкалык төрт жоокер каза таап, 16сы жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости Пентагондун маалымат кызматы тараткан кабарга шилтеме кылып маалымдады. 

Жарылуу жергиликтүү убакыт менен алганда саат таңкы 5:30да Баграмдагы аскер аба базасында жаңырган. 

АКШнын коргоо министри Эштон Картер каза болгондордун экөө АКШнын аскерлери, дагы экөө келишим менен иштеп жаткан адистер экендигин кабарлады. 

"Афганистандагы биздин күчтөрдүн коопсуздугун сактоо АКШнын эң башкы маселелеринин бири. Бул абалды жакшыртуу үчүн трагедия боюнча иликтөөлөрдү жүргүзөбүз. Жардырууну жасагандарга айтарым, бул жарылуу мекенибизди коргоо жана Афганистанга коопсуздукту камсыздоо боюнча жардам берген миссиябызды улантууга жолтоо болбойт", — деп айткан Пентагондун министри. 

АКШ 2001-жылдан тарта Афганистанда террорчуларга каршы операция жүргүзүп келет. Учурда аталган өлкөдө америкалык 9 миңге чукул аскер күчтөрү бар.

Аскер аба базасындагы жарылуу боюнча маалыматтан кийин Франция терактыны уюштургандарды сындай турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0