Ирак аскерлери "Ислам мамлекети" террордук тобун жеңдик деген баракча таратты

© AFP / BULENT KILICИрак аскерлери Мосулдун чыгыш тарабында. Архивдик сүрөт
Ирак аскерлери Мосулдун чыгыш тарабында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баракчаларда мындан сырткары Мосулдун элин террорчуларга каршы күрөшкө даяр туруусу тууралуу да жазылган.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү Ирактын аскер аба күчтөрү Мосул шаарына "Ислам мамлекети" террордук уюмун жеңдик деген жазуулары бар миллиондогон баракчаларды жана гезиттерди тараткан. Бул тууралуу аскерлер өздөрү маалымдаганын РИА Новости жазды 

"Ирактын аскер аба күчтөрүнүн учактары Мосул шаарынын үстүнөн жеңиш тууралуу маалымат жазылган барактарды жана гезиттерди таратты", — деп жазылат аскерлердин билдирүүсүндө.

Операция по освобождению Мосула на севере Ирака - Sputnik Кыргызстан
Террорчулар эки күндүн ичинде Мосулда 60 жай тургунду өлүм жазасына тартты
Баракчаларда мындан сырткары Мосулдун элин террорчуларга каршы күрөшкө даяр туруусу тууралуу да жазылган.

Ирактын түндүк тарабындагы Мосул аймагын 2014-жылы басып алган "Ислам мамлекети" террордук тобунан куткаруу боюнча аракеттер 17-октябрдан тарта башталган. Ага Ирактын аскерлери, жергиликтүү кошуундар, күрддөрдүн күчтөрү жана АКШ башында турган эл аралык коалициянын аскер аба күчтөрү катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0