Вьетнамда браконьерлерден алынган 2 тонна пилдин азуу тиши жок кылынды

© AFP / CHRISTOPHE ARCHAMBAULTУничтожение бивней слонов и рогов носорогов в Бангкоке
Уничтожение бивней слонов и рогов носорогов в Бангкоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, өлкө бийлиги мындай кадамы аркылуу пил менен носорогдорду коргоп калууну көздөп жатат. Жок кылынган азуу тиштердин баасы жети миллион долларга бааланат.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Вьетнам бийлиги браконьерлерге каршы күрөшүү иш-аракеттеринин алкагында алардан алынган пил менен носорогдун 2 тонна азуу тиштерин жок кылганын Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кайберендерди атууга толук тыюу салбаш керек. Себебин өкмөт түшүндүрдү
Маалыматка ылайык, өлкө бийлиги мындай кадамы аркылуу пил менен носорогдорду коргоп калууну көздөп жатат. Жок кылынган азуу тиштердин баасы жети миллион долларга бааланат.

Буга чейин укук коргоо органдары 330 Африка пили менен 23 носорогдун азуу тиштери жүктөлгөн машинаны кармашкан. Ханоя шаарынын четинде бул сөөктөр алгач жанчылып, андан кийин өрттөлүп жок кылынган. Кийинки жумада Ханойдо бул жааттагы мыйзамсыз соодага байланышкан эл аралык конференция өтөт.

Африкадагы браконьерлер пил менен носорогдорду өлтүрүп, алардын азуу тишин көмүскө базарда сатып келет. Ошондой эле бул сөөктөр рак дартын да дарылайт деген туура эмес түшүнүктөн улам бул жаныбарларга ууга чыккандар көп болуп жатканы маалыматта айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0