08:53 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
АКШга президент болуп шайланган Дональд Трамптын архивдик сүрөтү

Трамп Россиянын лидери Путин менен байланышууну пландап жатат

© REUTERS / Carlo Allegri
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
АКШдагы президенттик шайлоо (21)
30310

Шайлоого чейин АКШ сенатынын демократтар лидери Гарри Рид ФБРдин директору Жеймс Комиден Трамптын Россия бийлиги менен байланышы бар экенин жарыялоону талап кылган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. АКШга президент болуп шайланган Дональд Трамп жакынкы аралыкта Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышууну пландап жатканын РИА Новости Wall Street journal басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Трамп басылмага берген интервьюсунда Путинден "сонун" кат алганын айтып жакынкы аралыкта телефон аркылуу байланышуу пландалып жатканын билдирген.

Республикачы Трамп 8-ноябрда өткөн президенттик шайлоону жеңип чыккан. Ал кызматка расмий түрдө 2017-жылы 20-январда бекитилет.

Шайлоого чейин АКШ сенатындагы демократтар лидери Гарри Рид ФБРдин директору Жеймс Комиден Трамптын Россия бийлиги менен байланышы бар экенин жарыялоону талап кылган. 

Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин Дональд Трамп Москванын "фаворити" деген кептер чындыкка жатпаган маалымат экенин белгилеген.

Тема:
АКШдагы президенттик шайлоо (21)

Тема боюнча

Филиппин президенти Дутерте Трамп экөө сөгүнчөөктүк жагынан окшош экенин айтты
Обама менен Трамп эмне тууралуу сүйлөштү
АКШда Трамптын жеңишине болгон нааразычылык уланууда
Белгилер:
Дональд Трамп, Владимир Путин, АКШ, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ