Дубайда экологиялык мечит ачылды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-Байрама в регионах России
Празднование Курбан-Байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мечит электр энергияны 90 пайызга аз үнөмдөп, 700 адамга ылайыкташкан.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Дубайда экологиялык мечит ачылгандыгын муфтият билдирди. 

Маалыматка ылайык, мечит Дубайдагы "Жашыл" деп аталган районунан орун алып, 700 адамга ылайыкташкан. 

"Курулушка жогорку технологиялык, экологиялык жактан таза жана айлана-чөйрөгө минималдуу терс таасирин тийгизе турган каражаттар колдонулган. Муну менен катар мечит электр энергиясын башка имараттар менен салыштырганда 90 пайызга аз керектейт", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, унаа токтотуучу жайлар күндөн энергия алып туруучу батареялар менен жабдылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0