Террорчулар эки күндүн ичинде Мосулда 60 жай тургунду өлүм жазасына тартты

© REUTERS / Alaa Al-Marjani Операция по освобождению Мосула на севере Ирака
Операция по освобождению Мосула на севере Ирака - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террорчулар тарабынан шейшемби күнү 40 жай тургун өкмөттүк күчтөр менен байланыштыгы бар деп өлтүрүлгөн. Ошол эле күнү кечинде уюлдук телефон менен сүйлөшкөнү үчүн дагы бир адам өлүм жазасына тартылган.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун чабуулчулары Мосул шаарында эки күндүн ичинде 60 жай тургунду өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу БУУнун качкындар боюнча башкармалыгы билдирди деп жазат РИА Новости.

Маалыматтар боюнча террорчулар тарабынан шейшемби күнү 40 жай тургун өкмөттүк күчтөр менен байланыштыгы бар деп өлтүрүлгөн. Ошол эле күнү кечинде уюлдук телефон менен сүйлөшкөнү үчүн дагы бир адам өлүм жазасына тартылган.

Мындан сырткары, шаршемби күнү террорчулар 20 адамды Мосулда маалымат тараткандыгы үчүн курмандыкка чалган.

"Биз курман болуп жаткан балдардын арасында жеткинчектер бар го кооптонуп жатабыз. Шаршемби күнү "Ислам мамлекети" террордук уюму төрт адамды 10 жаштан 14 жашка чейинки балдарга аттырган", — деди БУУ качкындар боюнча башкармалыгы.

Ирактын түндүк тарабындагы Мосул аймагын 2014-жылы басып алган "Ислам мамлекети" террордук тобунан куткаруу боюнча аракеттер 17-октябрдан тарта башталган. Ага Ирактын аскерлери, жергиликтүү кошуундар, күрддөрдүн күчтөрү жана АКШ башында турган эл аралык коалициянын аскер аба күчтөрү катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0