Барак Обама Трампты жеңиши менен куттуктады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАКШнын учурдагы президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү
АКШнын учурдагы президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо Дональд Трамп демократтарды ат чабым артта калтырып, жеңишти камсыздады.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШнын учурдагы президенти Барак Обама президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трампты телефон аркылуу куттуктаганын РИА Новости Франс Пресс агенттигине таянуу менен кабарлады.

Дональд Трамп избран президентом США - Sputnik Кыргызстан
Дональд Трамп президент болду. АКШдагы кыргыз мигранттар эмне болот?
8-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо Дональд Трамп демократтарды ат чабым артта калтырып, жеңишти камсыздаган

Маалыматка ылайык, Обама Трампты бейшемби күнгө Ак үйгө жолугушууга чакырды.

Республикачы Дональд Трамп АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишти камсыздаган. Ал эми Демократиялык партиядан көрсөтүлгөн талапкер Хиллари Клинтон жеңилгенин моюнга алып, Трампты жеңиши менен куттуктады.

Трампты шайлоодогу жеңиши менен башка мамлекеттин президенттери да куттуктады. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев дагы куттуктоо телеграммасын жөнөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0