Измирдеги сойкулар пенсияга чыгышты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЗабег на шпильках на Красной площади
Забег на шпильках на Красной площади - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын социалдык коргоо комитети пенсия жашына келип калган 501 сойкунун пенсияга чыгууга болгон талабын канааттандырды.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарындагы 500дөн ашык сойку пенсияга чыгуу укугун камсыздаганын Habertürk телеканалы билдирди.

Шаардын социалдык коргоо комитети пенсия жашына келип калган 501 сойкунун пенсияга чыгууга болгон талабын канааттандырды. Ошондой эле жумуш берүүчүлөрдү 1300 сойку үчүн пенсиялык фондго каражат төлөөгө милдеттендирди.

Российско-итальянское совместное предприятие Вилла Переделкино - Sputnik Кыргызстан
Антальянын мончосунан кайрадан кыргызстандык кыздар кармалды
Буга чейин арыз ээлери алардын жумуш берүүчүсү жети жылдан бери алар үчүн пенсиялык фондго акча төлөбөй келгенин айтып кайрылышкан. Атайын териштирүү учурунда шаардын социалдык коргоо комитети жалпысынан 1800 аялдын укугу бузулганын аныктап, жумуш берүүчүлөргө келтирилген чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирген.

Түркияда сойкулук кылууга мыйзамдуу түрдө уруксат берилген. Мыйзамга ылайык, сойкулук менен алектенген аялдарга идентификациялык карта берилип, ал жакка ден соолугу тууралуу бардык маалыматтар жазылат. Бирок иш жүзүндө Түркиядагы сойкулар каттоого турбайт. Себеби, шаар бийлиги алардын каттоого туруусу үчүн жасалма тоскоолдуктарды кылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0