Дагестанда студенттердин көзүнчө чечинген мугалим иштен алынды

© Sputnik / Мария Ващук / Медиабанкка өтүүМахачкала шаары, Дагестан. Архив
Махачкала шаары, Дагестан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ЖМК менен социалдык тармактарга мугалим сабак өтүп жатып капысынан чечине баштаган видео жазуу тараган.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Лекция учурунда студенттердин көзүнчө чечине баштаган Махачкала шаарындагы Дагестан мамлекеттик медицина университетинин мугалими иштен алынмай болду. Бул тууралуу РИА Новости аймактык Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Буга чейин ЖМК менен социалдык тармактарга мугалим сабак өтүп жатып капысынан чечине баштаган видео жазуу тараган. Лекцияда отурган студенттер аудиториядан качып жөнөшкөн. 

"Мугалим аталган окуу жайда 2006-жылдан бери иштеп келет. Ал 2015-жылдан тарта гистология кафедрасынын аткаруучу доценти болгон. Экинчи курстун студенттерине гистология боюнча сабак өтүлүп жаткан учурда мугалим чечине баштаган. Буга чейин анын акыл эси ордунда эле болчу", — деп агенттиктин маектеши билдирди. 

Ал белгилегендей мугалим иштен четтетилип, психиатриялык экспертиза дайындалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0