НАСА агенттиги 2023-жылдан тартып Айга эл аралык база курганы жатат

© Project Apollo ArchiveАй. Архив
Ай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
НАСА агенттигинин адистери Россия, Европа, Япония жана Канаданын эскперттери менен биргеликте жабык жыйын куруп, Айга база куруу тууралуу талкуулашкан.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. НАСА агенттиги 2023-жылдан тартып Айга эл аралык база курууну пландоодо. Бул тууралуу РИА Новости планетология коомуна таянуу менен билдирди. 

Маалыматка ылайык, НАСА агенттигинин адистери Россия, Европа, Япония жана Канаданын эскперттери менен биргеликте жабык жыйын куруп, Айга база куруу тууралуу талкуулашкан. 

"НАСА агенттиги 2023-жылга чейин бир канча кемелерди Айга учуруп, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Orion космос кемесин жана SLS ракеталарын колдонот. Эң биринчи болуп 8,5 тонналык энергоблок учурулат. Андан соң EM-4 жана EM-5 кемелери барып, керектүү тетиктерин туташтырат", — деп жазылат маалыматта. 

Аталган долбоорду 2028-жылы жыйыныктоо планалууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0