Порошенконун Атамбаев менен "сүйлөшүүсү" тууралуу маалымат сайттан алынды

© Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүУкраина президенти Пётр Порошенконун архивдик сүрөтү
Украина президенти Пётр Порошенконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жаңылык социалдык тармактарда да кызуу талкууну жаратып, украиналык интернет пайдалануучулар маалыматтын узак убакытка чейин сайттан алынбай турганына нааразылык айтышкан.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Украина президенти Пётр Порошенконун Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен телефондон сүйлөшкөнү тууралуу маалымат сайттан алынды.

Эскерте кетсек, 2-ноябрь күнү кечинде Украина президентинин расмий сайты делген порталдан өлкө башчы Порошенконун КР президенти Атамбаев менен телефондон байланышып, эки тарап кыргыз-украин мамилелерин өнүктүрүү тууралуу сүйлөшкөнү жарыяланган.

Украина президенти Петр Порошенконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Порошенко менен Атамбаевдин атынан деги ким сүйлөштү?
Бул маалыматтан кийин КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтып, "Украина президентин кимдир бирөө тамашага салышы мүмкүндүгүн" белгилеген.

Ал арада Порошенко менен Атамбаевдин атынан Вован жана Лексус деген каймана ат менен белгилүү россиялык пранкерлер сүйлөшкөнү тууралуу маалымат тараган. Sputnik Кыргызстан агенттиги алар менен байланышып, бирок пранкерлер бул маалыматты төгүнгө чыгарышты

Аталган жаңылык социалдык тармактарда да кызуу талкууну жаратып, украиналык интернет пайдалануучулар маалыматтын узак убакытка чейин сайттан алынбай турганына нааразылык айтышкан. Ал эми Украина президентинин администрация жетекчисинин мурунку орун басары Андрей Портнов Facebook баракчасына учурдагы администрация жетекчисин жумуштан бошотуу керектигин жазып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0