Instagram тармагында колдонуучулар үчүн онлайн-сатып алуу функциясы иштелип чыкты

© AFP / THOMAS COEXПланшеттеги Instagram тиркемеси. Архив
Планшеттеги Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Функция азырынча iOS-системасынын колдонуучулары арасында сыналып жатат. Колдонуучулар бул функция товар сатып алууну жеңилдеткенин белгилешүүдө.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жакын арада Instagram колдонуучулары тез онлайн-сатып алуу тейлөө кызматы менен таанышат. Бул тууралуу компаниянын расмий блогунда маалымдалды.

Бул функция Facebook социалдык тармагындагы сүрөттөрдө адамдарды белгилөө функциясына окшош. "tap to view" ("көрүү үчүн басуу") атайын белгисин басууда колдонуучу товардын атын жана анын баасын көрө алат. Андан ары аталган тейлөө "ыктымал сатып алуучуга" которот, ал баракчада толук маалыматтар жазылган. Сатып алуу механизми "shop now" ("азыр сатып алуу") белгиси аркылуу ишке ашат. 

Пользователь Instagram со смартфоном - Sputnik Кыргызстан
КРдеги Instagram тармагынын эң популярдуу 10 колдонуучусу
Учурда функцияны сыноо 20 ири рэтейл-компаниялары менен биргеликте iOS-системасынын колдонуучулары арасында өтүүдө. Толук кандуу ишке киргизүү убактысы азырынча айтыла элек.

Instagram — акысыз интернет-тиркеме, ал сүрөт жана видеолорду тартууга, аларды электен өткөрүп оңдоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле башка социалдык тармактарга жайгаштырууга жол ачат. Instagram колдонуучуларын саны 2016-жылы 500 миллион адамдан ашты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0