Италияда кайрадан катуу жер силкинди

© AFP / TIZIANA FABIИталиядагы жет титирөөдөн кыйраган үйлөр. Архив
Италиядагы жет титирөөдөн кыйраган үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы үч айдын ичинде Италиянын борбордук бөлүгүндө үч катуу жер силкинүү катталды.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнгө караган түнү борбордук Италияда кайрадан катуу жер силкингени тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда жер титирөө түнкү саат 1.35де (Кыргызстандын убактысы боюнча 6.35) Римде сезилген. 

Италиядагы магнитудасы 6,5ге жеткен жер титирөөдөн жабыркаган чиркөө - Sputnik Кыргызстан
Римдеги зилзаладан соң тарыхый имараттар текшерилүүдө
Италиянын Улуттук геофизика жана вулконология институтунун берген маалыматы боюнча жер титирөөнүн магнитудасы 4,8ге жетип чок ортосу Мачерата провинциясына туура келген. Жабыркагандар менен кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок. 

Акыркы үч айдын ичинде Италиянын борбордук бөлүгүндө үч катуу жер силкинүү катталды. Биринчиси 24-августа болуп магнитудасы 6,0гө жеткен. Анын айынан 298 жаран көз жумган. 26-октябрда кечке жуук маалда бир нече жолу жер силкинип, анын магнитудасы 5,9га жеткен. 30-октябрда магнитудасы 6,5ге жеткен жаңы жер титирөө катталып, эл жыш отурукташкан Марке, Умбрия, Лацио жана Абруццодо катталган

Жаңылыктар түрмөгү
0