ЖМК: Парижде полиция кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты

© REUTERS / CHRISTIAN HARTMANNФранцияда жүздөгөн полиция кызматкерлери Париждин борборунда бийликке жана полиция жетекчилигине нааразы болуп каршылык акциясына чыгышты
Францияда жүздөгөн полиция кызматкерлери Париждин борборунда бийликке жана полиция жетекчилигине нааразы болуп каршылык акциясына чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга 8-октябрда жаштар менен күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кагылышуу себеп болгон. Андан 28 жаштагы полиция кызматкери күйүк алып, ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. Францияда жүздөгөн полиция кызматкерлери Париждин борборунда бийликке жана полиция жетекчилигине нааразы болуп каршылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Сотрудник полиции США. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: АКШда афроамерикалык адамды өлтүргөн полиция кызматкери жумуштан кетти
Маалыматтарга ылайык, полиция кызматкерлери шейшембиден шаршембиге караган түнү Лувр музейинин алдына чогулушкан. Алар колдоруна "Менин полицияман колуңарды алгыла", "мен полиция кызматкери менен сыймыктанам" деген жазууларды кармап алышкан.

Тартип сакчылары эки жумадан бери Франциянын шаарларында нааразылык акцияларын өткөрүп келишет.

Буга 8-октябрда жаштар менен күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кагылышуу себеп болгон. Андан 28 жаштагы полиция кызматкери күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Учурда ал Париждин оорукаларынын биринде.

Жаңылыктар түрмөгү
0