23:54 05 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
14701

Акыйкатчы балдар порнографиясы менен күрөшүүдө полиция эле эмес, жалпы коомдук уюмдардын катышуу зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Россиянын интернет айдыңында акыркы беш жылда балдар порнографиясы 63 пайызга өсүп кетти. Бул туурасында РФтин Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди.

"Акыркы беш жылда интернет айдыңында балдар порнографиясын тартып жана аны тараткандар 63,3 пайызга, ал эми мындайлардан жабыр тарткан балдардын саны 5,7 эсеге көбөйгөн", — деп айтты Анна Кузнецова.

Ал балдар порнографиясы менен күрөшүүдө тартип коргоо органдары эле эмес, жалпы коомчулук, коомдук уюмдардын катышуу зарылдыгын баса белгиледи. 

"Виртуалдык дүйнөдө жашы жете элек балдар менен кыздарды педофилдикке акча менен азгырган учурлар көбөйдү. Аны менен кошо чоңдордун кичинекейлерди сексуалдык жактан эксплуатациялоосу, сойкулукка тартуусу, балдар порнографиясына тартуу күч алууда", — деди балдар акыйкатчысы.

Бул маалыматтарды ал Россиянын жети регионунан келген өкүлдөр катышкан иш-чарада билдирди.

Тема боюнча

Казакстанда 30 миңден ашык бала соцтармактардагы порнографиялык топторго катталган
Белгилер:
сойкулук, порнография, балдар, акыйкатчы

ЭҢ МААНИЛҮҮ