Махачкалада суудан 600гө чукул киши ууланды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРабота детского онкогематологического центра во Владивостоке
Работа детского онкогематологического центра во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын айтымында, 27-октябрдан бери ооруканада 296 киши жатат.

БИШКЕК, 1-ноя — Sputnik. Махачкалада суудан ууланган адамдарды саны 600гө чукулдап кетти деп билдирди РИА Новости РФтин Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип.

Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында аталган аймакта элдин жапырт ууланганы белгилүү болгон. Аймактык саламаттык сактоо мекемесинин өкүлү кырсыкка суунун жетиштүү деңгээлде хлор менен тазаланбаганы себеп болгонун айткан.

"27-октябрдан 1-ноябрга чейин инфекциялык ооруканага 573 киши оор ичеги-карын оорулары менен түшкөн. Алардын ичинен 434ү кичинекей балдар ", — деп билдирген Саламаттык сактоо министрлигинен.

Анын айтымында, ал учурдан бери учурда ооруканада 296 киши жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0