Окумуштуулар көпөлөктөр эмне үчүн жоголуп баратканын аныкташты

Жазылуу
Былтыркы иликтөө 2050-жылга чейин көпөлөктүн алты түрү жок боло турганын көрсөткөн.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Көпөлөктөрдүн бир нече түрүнүн жоголушу же санынын кыскарышы эмне себептен болуп жатканын окумуштуулар аныкташты. Бул тууралуу Journal of Animal Ecology журналындагы макалага таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Илимпоздордун иликтөөсүнө ылайык, көпөлөктөрдүн сейрек тартышына аба ырайынын кескин өзгөрүшү таасир эткен.

"Көпөлөктүн өрчүшүнө жаан-чачын бир топ терс таасир тийгизери аныкталды. Муну менен бирге кыш мезгилиндеги жылуу аба ырайы да пайда алып келбейт. Кыш айларында күндүн ысышы уйкуга кирген көпөлөктөрдү ойготуп, ал эми кайра түшкөн суук аларды өлүмгө алып келиши ыктымал", — деп жазат Улуу Британиядагы университеттен Алдина Франко.

Англиялык окумуштуулар жыл сайын өзгөчө долбоорлорго катышып, аймакты байырлаган көпөлөктөрдүн санын эсепке алат. Былтыркы иликтөө 2050-жылга чейин көпөлөктүн алты түрү жок боло турганын көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0