Кытайлык кыз 20 жигитине iPhone 7 алдырып үй сатып алды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКоробкадагы айфондор. Архив
Коробкадагы айфондор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуянын каарманы мындай кадамга үй-бүлөсү ижарага алынган батирде кыйналып жашагандыктан барган.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кытайлык кыз жигиттеринен белекке алган iPhone 7 смартфондорун сатуу менен үй алганы тууралуу маалымат интернет колдонуучуларын таң калтырып жатканын The Metro британ басылмасы жазып чыкты. 

Шэньчжень шаарынын тургуну сүйлөшкөн 20 жигитин алдап смартфон саттырып алган. Кийин белекке алган гаджеттерин интернет-дүкөн аркылуу сатып шаар четинен үй алганга жетишкен.

Үй куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күзүндө кыймылсыз мүлктүн баасы кандай болот? Эксперттердин божомолу
Бул окуя кыздын блоггер курбусу өзүнүн форумуна жазып чыккандан кийин белгилүү болгон. Анын айтымында курбусу мындай кадамга үй-бүлөсү ижарага алган батирде кыйналып жашагандыктан барган. Ата-энеси эки жылдан кийин пенсияга чыкмак. Үйлүү болуу көйгөйүн ойлогон кыз көптөн бери санаа тартып жүргөн.

Hui Shou Bao интернет-дүкөнү iPhone 7s смартфонунун 20 даанасы 853 доллардан сатылганын тастыктаган. Натыйжада кытайлык кыз 17 миң долларга ээ болуп, шаар четинен үй сатып алган. 

Бул окуя Weibo социалдык тармагында катуу талкуу жаратып, анын колдонуучулары каарман бир учурда 20 жигит менен мамиле курууга жетишкенине таң калышууда. "20 mobiles for a house" хэштегинде эле 13 миллион комментарий жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0