Бакуда КМШ өлкөлөрүндөгү жаштар саясаты талкууланат

Жазылуу
Иш-чара "Жаштарды өнүктүрүүдө бейрасмий билим берүүнүн ролу" деп аталып, 23-24-ноябрда Азербайжандын Баку шаарында болмокчу.

БИШКЕК, 31-окт.— Sputnik. КМШ өлкөлөрүндөгү жаш муундун өкүлдөрү Бакуда өтө турган эл аралык конференцияга катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Арашан капчыгайы, архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш окумуштуулар токой чарбасы боюнча конференцияга чогулат
Иш-чара "Жаштарды өнүктүрүүдө бейрасмий билим берүүнүн ролу" деп аталып, 23-24-ноябрда Азербайжандын Баку шаарында болмокчу.

Конференцияга билим берүү жана саясат багытында иш алып барган жаш муундун өкүлдөрү теориялык жана практикалык билимдерин көрсөтүү, жаштар менен иштешүүдө бейрасмий билим берүү ыкмаларын талкуулоо максатында чогулушат.

Эл аралык конференцияда өз өлкөсүн 18 жаштан 29 жашка чейин жаштар саясатындагы үч адис тааныштыра алат.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин сайтында арыздарды тапшыруу боюнча шарттар жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0