Эл аралык космостук станция экипажынын үч космонавты жерге конду

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүЭл аралык космостук станция экипажы
Эл аралык космостук станция экипажы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экипаж илимий изилдөө гана жүргүзбөстөн "Союз МС" жаңы космостук кемесинин башкаруу системасын тестирлөөдөн өткөрүшкөн.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Эл аралык космостук станция экипажынын үч мүчөсү Казакстанга конгонун РИА Новости жазып чыкты.

Миссия AIDA: американцы собьют астероид-убийцу, Европа будет наблюдать - Sputnik Кыргызстан
Кытай космонавттары башка планета мүчөлөрүн кезиктирүүнү үмүт кылат
Анатолий Иванишин (Россия), Такуя Ониши (Япония) жана Кэйтлин Рубинс (АКШ) орбитада 40 илимий тажрыйба жүргүзгөн. Изилдөөнүн көпчүлүгү космостук чөйрөнүн тирүү организмдер менен материалдарга тийгизген таасирине байланыштуу болгон. Тажрыйбаларды жүргүзүүдөн тышкары "Союз МС" кемесинин башкаруу системасы тестирленген. 

Үстүбүздөгү жыл ичинде космоско болгон акыркы учуу 17-ноябрга белгиленген. "Союз-03" кемеси Байконур космодромунан учат. Орбитага россиялык Олег Новицкий, ESA менен NASA астронавттары Тома Песке менен Пегги Уитсон жөнөйт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0