Сириядагы мектепке жасалган чабуулдан 22 окуучу менен 6 мугалим каза болду

© AFP / AMMAR ABDULLAHИдлиб шаарындагы чабуулдан кыйрагын мекеп бөлмөсү
Идлиб шаарындагы чабуулдан кыйрагын мекеп бөлмөсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун маалыматына таянсак, ушул убакка чейин согуштан 220 миң адам каза болгон.

БИШКЕК, 27-окт.— Sputnik. Сириянын Идлиб шаарындагы мектепке урулган соккудан 22 бала жана 6 мугалим каза болгон. Бул тууралуу БУУнун ЮНИСЕФ фондунун аткаруучу директору Энтони Лэйк маалымдаганын РИА Новости жазат.

"Сириянын Идлиб шаарында жайгашкан мектепке жасалган чабуулдан бүгүн алынган маалыматтар боюнча жыйырма эки окуучу жана алты мугалим көз жумган", — деди Лэйк.

Идлиб шаары Сириянын түндүк-батышында Алепподон 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. 2015-жылдын март айынан бери шаар ар кандай ислам уюмдарынын көзөмөлүндө болуп келет. 

Ал эми Сириядагы аскердик аракеттер 2011-жылдан бери уланууда. БУУнун маалыматына таянсак, ушул убакка чейин андан 220 миң адам каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0