Италия: жер силкинүүдөн бир топ адам үйсүз калды

© AFP / TIZIANA FABIПоследствия землетрясений в Италии
Последствия землетрясений в Италии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык коргоо бөлүмү кыш келе жаткандыктан турак жайсыз калган адамдардын үй маселесин тез аранын ичинде чечүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Италияда жер титирөөдөн миңдей адам турак жайсыз калды. Бул тууралуу РИА Новости Жарандык коргоонун улуттук кызматынын өкүлүнө шилтеме берип кабарлады.

Шаршемби күнү Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,4 баллга жеткен жер силкинүү катталган.

"Кырсыктын кесепетинен 2-3 миңдей адам үйсүз калды. Мындан сырткары мурунку салынган тарыхый борборлор, дагы бир топ турак жайлар керектен чыкты", — деди аймактын жарандык коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Марке Чезаре Спури.

Жер титирөөдөн жабыркаган жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Япониянын чыгышында магнитудасы 5,2ге жеткен жер титирөө болду
Алдыда кыш келе жаткандыктан, Спури турак жайдан ажыраган адамдардын маселесин тез аранын ичинде чечүү керектигин айтты.

Маалыматтар боюнча кырсыктан оор жаракат алып, каза болгондор катталган эмес.

Эске салсак, Италияда 24-август түнү да күчү 6 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Кырсыктан 298 жапа чегип, жүздөгөн адамдар оор жаракат алып, 3 миңден ашыгы турак жайсыз калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0