Ливия: кыйраган кемеден дайынсыз кеткен 90 мигрант изделүүдө

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүДэңиз жээгиндеги качкын. Архив
Дэңиз жээгиндеги качкын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээк коопсуздук кызматынын кызматкерлери чөгүп бара жаткан кемеден 29 мигрантты куткарып калууга үлгүрүшкөн. Аман калгандардын айтымында, кемеде 126 жүргүнчү бар болчу.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Ливиянын жээгинде мигранттарды ташыган кеме кыйрап, андан 90 жүргүнчү дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу Рейтер агенттиги маалымдаганын РИА Новости жазды.

"Адамдардын көптүгүнөн кеменин бир жак капталы сынып, андан соң кемеге суу толо баштаган", — деди жергиликтүү жээк коопсуздугу кызматынын өкүлү Айуб Кассем.

Анын айтуусуна караганда, жээк коопсуздук кызматынын кызматкерлери чөгүп бара жаткан кемеден 29 мигрантты куткарып калууга үлгүрүшкөн. Аман калгандардын айтымында, кемеде 126 жүргүнчү бар болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0