АКШнын аба күчтөрү Мосулдагы кыздар окуган мектепке сокку урду

© REUTERS / Zohra BensemraОсвобождение Мосула от террористов ИГ в Ираке
Освобождение Мосула от террористов ИГ в Ираке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ башында турган коалициянын соккусунан акыркы үч суткада эле балдарды кошкондо 60 адам өлүмгө учурап, 200дөй адам жарадар болгон.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн учагы 21-октябрда Ирактагы Мосул шаарынын түштүк бөлүгүндөгү кыздар окуган Аль-Хаж Юнус мектебине сокку урду. Бул тууралуу Россиянын аба күчтөрүнүн негизги иш башкармалыгынын башкы штабынан Сергей Рудской билдирди деп жазды РИА Новости

Освобождение Мосула от террористов ИГ в Ираке - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: "Ислам мамлекети" тобунан качкан 9 кишини тирүүлөй өрттөп жиберди
Мындан сырткары ал 22-октябрда Мосул жана Хазна шаарларынан чыгышындагы Каракош жайындагы турак жайларга да аба соккусу урулгандыгын кошумчалады.

23-октябрда АКШнын аскердик аба күчтөрү Мосулдун түндүгүндөгү Каракхараб жана Эш-Шура бөлүктөрүнө бомба таштап, коомдук бир топ жайлардын кыйроосуна алып келген.

Рудскойдун айтуусунда, АКШ башында турган коалициянын соккусунан акыркы үч суткада эле балдарды кошкондо 60 адам өлүмгө учурап, 200дөй адам жарадар болгон.

Мындан улам, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү Ирактан Сирияга жөнөшүүдө. Рудской билдиргендей, Сириянын Дейр-эз-Зор шаарына 300гө чукул террорчу барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0