ЖМК: "Ислам мамлекети" тобунан качкан 9 кишини тирүүлөй өрттөп жиберди

© REUTERS / HANDOUTОсвобождение Мосула от террористов ИГ в Ираке
Освобождение Мосула от террористов ИГ в Ираке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирактын түндүк тарабындагы Мосул аймагын 2014-жылы басып алган "Ислам мамлекети" террордук тобунан куткаруу боюнча аракеттер 17-октябрдан тарта башталган.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобу катарынан качкан тогуз кишини Мосул шаарында өлүм жазасына тартканын РИА Новости агенттиги Al Sumaria телеканалына шилтеме берүү менен билдирди. 

"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери катарынан качкан тогуз кишини колу-бутун байлап туруп нефть толтурулган аңга салып өрттөп жиберди", — деп айтылат маалыматта.

Ирактын түндүк тарабындагы Мосул аймагын 2014-жылы басып алган "Ислам мамлекети" террордук тобунан куткаруу боюнча аракеттер 17-октябрдан тарта башталган. Ага Ирактын аскерлери, жергиликтүү кошуундар, күрддөрдүн күчтөрү жана АКШ башында турган эл аралык коалициянын аскер аба күчтөрү катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0