ЖМК: сириялык качкын балдар Түркиянын кийим фабрикаларында иштейт

© AFP / OZAN KOSE Сирийские дети сидят в лагере беженцев в Kilis районе Газиантеп, юго-востоке Турции
Сирийские дети сидят в лагере беженцев в Kilis районе Газиантеп, юго-востоке Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө маалында айрым 15 жаштагы качкын балдар фабрикада тийиштүү коргонуу каражаттары жок химиялык заттар менен күнүнө 12 саатка иштеп жатканы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 24-окт. – Sputnik. Сириялык жашы жете элек качкын балдар Британиянын дүкөндөр тармагы үчүн кийим тигип иштеткен түрк фабрикаларында иштешет. Мындай иликтөөнү Би-Би-Си телерадиокомпаниясынын журналисттери жүргүзгөнүн РИА Новости жазып чыкты.

Иликтөө маалында айрым 15 жаштагы качкын балдар фабрикада тийиштүү коргонуу каражаттары жок химиялык заттар менен күнүнө 12 саатка иштей турганы белгилүү болгон.

"Биздин кийимдерди сириялык жеткинчектер жасап жатканын билген эмеспиз. Муну угуп абдан нааразы болдук", — деди компаниянын өкүлү.

Быйылкы жылы Рейтер агенттиги дагы Түркиянын кийим чыгаруу фабрикаларында сириялык жаш балдар иштерин иликтеген. Маалым болгондой, учурда Түркия өлкөсүнүн аймагында үч миллионго чукул сириялык качкын жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0