Байкалда Robinson R44 тик учагы үч адамы менен кулады

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүВертолетная гонка "Кубок КБ Миля"
Вертолетная гонка Кубок КБ Миля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Урюмкан" ишканасына таандык Robinson тик учагы үстүбүздөгү жылдын 22-октябрь күнү Золотореченск — "Дзалай-Кадай" каттамы менен учкан.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Россиянын Байкал аймагында Robinson R44 тик учагы кулады. Бул тууралуу РИА Новости өздүк булактарга таянуу менен жазып чыкты. 

Аталган учактан ичинде үч адам болгон. 

"Кулаган тик учактын темирлери табылды. Аталган аймакка адистер жөнөп кетти", — деп айтылат маалыматта. 

Жарандык коргонуу департаментинин маалыматына ылайык, "Урюмкан" ишканасына таандык Robinson тик учагы үстүбүздөгү жылдын 22-октябрь күнү Золотореченск — "Дзалай-Кадай" каттамы менен учуп, бүгүнкү күнгө чейин байланышка чыга элек. Аталган аймактын аралыгы 30 чакырымды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0