"Жылаңачтанган" Трамп Лос-Анжелестеги аукциондон сатылды

© REUTERS / BRENDAN MCDERMIDСтатуя, изображающие обнаженного Дональда Трампа в Нью-Йорке. 19 августа 2016 год
Статуя, изображающие обнаженного Дональда Трампа в Нью-Йорке. 19 августа 2016 год - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган коом мындай статуяны Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Сан-Франциско, Кливленд жана Сиэтлдин эл көп жүргөн жайларына орноткон.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. АКШнын президенттигине талапкерлигин коюп жаткан республикачы Дональд Трамптын жылаңачтанган эстелиги тоорукта 22 миң долларга сатылды. Бул туурасында РИА Новости CBS Los Angeles телеканалына шилтеме кылып билдирди.  

Уюштуруучулардын айтымында, INDECLINE деп аталган сүрөтчүлөрдүн жашыруун коомунун бул эмгеги абдан талкууга түшкөн.

Буга чейин аталган коом мындай статуяны Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Сан-Франциско, Кливленд жана Сиэтлдин эл көп жүргөн жайларына орноткон. 

Кандидат в президенты США от Демократической партии Хиллари Клинтон - Sputnik Кыргызстан
Хиллари Клинтондун жарым жылаңач эстелиги Нью-Йоркто чырлашууга себеп болду
Телеканалдын маалыматына караганда Трамптын жылаңач турпатынан түшкөн каражат башта пландалган баасынан ашып кетти. Маалыматтарда, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү мигранттарга жардам көрсөткөн Улуттук иммиграция форумуна которулары айтылды. 

Трамп буга чейин мигранттарга тап койгон талапкер катары белгилүү. Ал Мексика менен чектешкен аймакка дубал тургузуп, мыйзамсыз жүргөн миллиондогон мигранттарды айдап чыгыш керек деп эл алдында жар салган.

Шайлоо алдындагы талапкерлерге карата жасалган ар кыл дискридитациялоочу ыкмаларды эске салсак, буга жакында эле Хиллари Клинтондун жарым жылаңач эстелигин кошсок болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0