БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Иракта спирт ичимдиктерин өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынды. Мындай чечим депутаттар тарабынан ишемби күнү кабыл алынганын РИА Новости агенттиги Франс Пресске шилтеме берүү менен билдирди.
Спирт ичимдиктерин ичүү исламдын нормаларына дагы туура келбейт. Ошентсе да ири шаарларда жана диний азчылыктын өкүлдөрү жашаган аймактарда сатылып келген.
Агенттиктин маалыматына ылайык, туюу салуу демилгеси мыйзам долбоорлорунун бири талкууланып жаткан учурда күтүүсүздөн эле кирип калган.
Бул мыйзамды бузгандарга карата 20 миң долларга чейин айып салынат.
Мындай мыйзамга каршы болгондор да бар. Алар депутаттардын мындай чечимин сотко арыздана тургандыктарын билдиришүүдө.