Афганистанда апийим эгүү 10 пайызга көбөйгөн

© AFP / NOORULLAH SHIRZADA Афганский крестьянин разрезает опийный мак. Архивное фото
Афганский крестьянин разрезает опийный мак. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылы өлкөдө 3,3 миң тонна апийим өндүрүлгөн.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Афганистанда апийим айдалган жердин аянты 2015-жылга салыштырмалуу быйыл 10 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын отчетуна таянуу менен билдирди.

Филиппиндин президенти Родриго Дутертенин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Дутерте баңгизат менен күрөшүүдө адам укугун "уруп ойнобой" турганын айтты
Маалыматка ылайык, баңгизат өндүрүшү 43 пайызга чейин көтөрүлүп, 4,6 миң тоннаны түзүшү мүмкүн. 2015-жылы өлкөдө 3,3 миң тонна апийим өндүрүлгөн.

80-жылдары Афганистан өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарында болчу. Бирок, айыл-чарбасындагы түрдүү жагдайлардан улам дыйкандар "маңзатты" өндүрүүгө ык койгон. 2001-жылдан тарта Афганистанда апийим өндүрүштүк масштабда өстүрүлүп баштаган. Учурда ал апийим өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0