Түркмөнстанда эртеңден баштап президенттик шайлоо кампаниясы башталат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүГорода мира. Ашхабад
Города мира. Ашхабад - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысын тандоо 2017-жылдын 12-февралына белгиленип, ага үч саясий партия катышат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Түркмөнстанда эртеңден баштап президенттик шайлоо кампаниясы башталат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Ашхабад шаарына көрүнүш, архив - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстанда президенттик шайлоо 2017-жылы 12-февралда өтөт
Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын өткөрүп, президенттик шайлоого болгон календардык планды бекитти.

Эскерте кетсек, өлкө башчысын тандоо 2017-жылдын 12-февралына белгиленип, ага үч саясий партия катышат. Алар: Түркмөнстандын Демократиялык партиясы, Өнөр-жайчылар менен ишкерлердин партиясы жана Агрардык партия.

Түркмөнстанда акыркы президенттик шайлоо 2012-жылы февралда өткөн. 2016-жылы парламент жаңы Конституция кабыл алган, анда президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин узартылган. Ошондой эле 70 жашка чейин деген жаштык ченем да алынып салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0