Камерунда кырсыкка учураган поездден 55 адам көз жумду

© AFP / STRINGERКамерунда рельсадан кулаган поездден чыгып жаткан жүргүнчүлөр
Камерунда рельсадан кулаган поездден чыгып жаткан жүргүнчүлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катуу жааган жамгырдан өлкөдө автоунаа каттаган көпүрө кулаган. Мындан улам эл башка жолдор менен кетип, тез убакыттын ичинде темир жол бекеттери элге толуп калган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Камерунда ичи толо жүргүнчүсү бар поезд кулап, кырсыктан 55 адам көз жумуп, 575и жарадар болду. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берип жазды.

Крушение вертолета Ми-8 на Ямале - Sputnik Кыргызстан
Ямалдагы МИ-8 тик учагы кырсыкка кабылды
Кырсык жуманын түнү Камерундун борбору менен Дуала шаарынын экономикалык ири борбору Яунденин ортосунда катталган. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, түндүк Африканын түштүгүндө жайгашкан өлкөдө катуу жааган жамгырдан улам Яунде менен Дуаланын ортосундагы автоунаа каттаган көпүрө кулаган. Бул автоунаалардын тыгынына алып келип эл башка жолдор менен кете баштап, тез убакыттын ичинде темир жол бекеттери элге толуп калган.

Дуалага кетчү биринчи поезд 45 мүнөттүк кечигүү менен түштөн кийин жөнөгөн.

"Ызы-чуу болуп кеткенинен бурулуп карасам, артыбыздагы вагондор ала салып, кулаганын көрдүм. Коюу түтүн уюлгуду",–– деди алдыңкы вагондордун биринде отурган Рейтер агенттигинин кабарчысы. 

Маалыматтарга поездге эл батпай жаткандыктан, дагы бир тогузунчу вагон кошулган. Учурда ошол техниканын кырсыкка тиешеси бар-жогу иликтенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0