Мосулду "Ислам мамлекетинен" куткарууга Ирактын атайын күчтөрү кошулду

© REUTERS / StringerВойна в Ираке
Война в Ираке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүдө Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади Мосул шаарын "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошотуу боюнча атайын аскердик операция башталганын билдирген.

БИШКЕК, 21-окт. – Sputnik. Ирактын атайын күчтөрү Мосул шаарын "Ислам мамлекети" террорчулардан куткаруу операциясына кошулду. Мындай маалыматты Ассошиэйтед пресс таратканын РИА Новости жазды.

Мосулдагы Ирактын аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жан кечтинин чабуулунан Мосулда 70ке чукул аскер кызматкери каза болду
Бейшембиде абадан сокуу уруу боюнча коалициянын жардамы менен террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмү Барталла шаарын көздөй жөнөгөн. Бул маалыматты генерал Маан Ас-Саади (Maan al-Saadi) билдирген. Эми алар аскерлерди алып шаарга кириши керек.

Дүйшөмбү күнү Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади Мосул шаарын "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошотуу боюнча атайын аскердик операция башталганын билдирген. Маалыматтарда Ирак аскерлери, полиция башында АКШнын абадан сокку уруу коалициясынын жардамы менен түзүлгөн күрддөрдүн тобу Мосулга массалык түрдө сокку урап баштары айтылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0