Индиялык бизнесмен унаасына 9 млн. долларга Дубайдан номер сатып алды

© AP Photo / Kamran JebreiliДубайдагы унаа номерин сатуу аукциону
Дубайдагы унаа номерин сатуу аукциону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тогуз миллион долларга сатып алган номерди ишкер Rolls Royce унаасына тагууну пландап жатат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Дубайда эки сандан турган унаа номери өткөн жумада тогуз миллион долларга (33 миллион дирхам) сатылганын Эмираттагы Gulf News интернет-басылмасы жазып чыкты.

Өзгөчөлүү —D5— унаа номери рекорддук баага сатылган. Онлайн-аукциондун жеңүүчүсү болуп БАЭ, Кувейт, Индия жана АКШда филиалдары бар эл аралык курулуш компаниясынын жетекчиси атыкты. 

Глава Государственной регистрационной службы Тайырбек Сарпашев наблюдает за аукционом по продаже государственного номера 777ААА - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев 777ААА номеринин сатылышын кайрымдуулук катары сыпаттады
Басылмадагы маалыматка караганда, курулуш тармагынын магнаты биринчи жолу өзгөчөлүү номер сатып алып жаткан жок. Ал өткөн жылы дагы кайрымдуулук аукциондон 09 деген номерди ушундай эле суммага сатып алган. Ишкер азыркы "D5" номерин 9 санын абдан жакшы көргөнү үчүн сатып алган (D — алфавиттеги 4 тамга — 4+5=9).

Укмуштуу элестелген "D5" номери ишкердин Rolls Royce унаасына тагылат. Аталган унаа номердин өзүнөн кыйла арзан турат. 

Ошол эле аукционго өзгөчө комбинациялуу башка номерлер коюлган. Мисалы Q77 459 миң долларга сатылса, "P27" 217 миң долларга кеткен. 

Кыргызстанда болсо сентябрдын акырында өзгөчөлүү комбинациядагы 01 KG 777ААА номери онлайн-аукциондо 1 миллион 716 миң сомго же 25,2 миң долларга сатылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0