Түрк армиясы Сириядагы "Ислам мамлекетинин" 64 объектисин талкалады

© AFP / BULENT KILICТүркиянын аскерлери. Архив
Түркиянын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрктөрдүн "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы операциясында 64 объекти жок кылынып, алты террорчу өлтүрүлгөн. Чабуулдун башкы максаты аймакты террорчулардын тазалоо жана качкындар үчүн коопсуздук аймакты ачуу болгон.

БИШКЕК, 19-окт. – Sputnik. Түрк армиясы Сириядагы "Ислам мамлекети" тобунун 64 объектисин "Евфрат калканы " операциясынын жүрүшүндө артиллерия жана танктардын жардамы менен жок кылды. Бул тууралуу Түркиянын башкы штабы билдиргенин РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкерлери, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Евробиримдик Сирия, Иракта 15 миңге чукул согушкер каза болгонун айтты
Операция учурунда түрк аскер кызматкерлери оор курал-жарактарды колдонуу менен "Ислам мамлекети" террордук тобунун 64 объектисин талкалаган. Ал эми түрк армиясына колдоо көрсөткөн Сириянын эркин армиясынан үч адам көз жумуп, алты аскер жаракат алган. 

Аба майданындагы аскер кызматкерлеринин чабуулунан "Ислам мамлекети" террордук тобунун алты террористи курман болуп, өлкөнүн 155 конушу тазаланган.

Эскерте кетсек, Түрк армиясы Ислам мамлекетине каршы "Евфрат калканы" операциясын 24-августа баштаган. Жүрүшкө Сирия оппозициясы колдоо көрсөтүп Сириянын түндүгүндөгү чек арада жайгашкан Жараблус шаарын басып алган. Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган операциянын башкы максаты аймакты террорчулардын 5 чакырымга чейин тазалоо жана качкындар үчүн коопсуздук зонасын ачуу экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0