Хиллари Клинтондун жарым жылаңач эстелиги Нью-Йоркто чырлашууга себеп болду

© REUTERS / Lucy NicholsonКандидат в президенты США от Демократической партии Хиллари Клинтон
Кандидат в президенты США от Демократической партии Хиллари Клинтон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстелик метро станциясынын жанында үч сааттай турган. Андан соң жанына музейдин кызматкери келип, аны көздөй ар кандай буюмдарды ыргыта баштаган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Нью-Йоркто АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун жарым жылаңач эстелиги мушташтын себепчиси болгонун РИА Новости New York Daily News гезитине таянуу менен билдирди. 

27 жаштагы сүрөтчү Энтони Скиолинин (Anthony Scioli) колунан жаралган айкел шейшемби күнү эртең менен Боулинг-Грин метросунун жанына коюлган. Клинтондун карикатуралык элеси бири-бирине шайкеш келбеген дене мүчөлөрү жана буттун ордуна туяктар аркылуу чагылдырылган. Үстүнө узун көйнөк кийгизилип, денесинен эркек кишинин башы менен колдору көрүнүп турат.

Демократтардын атынан чыккан АКШ президенттигине талапкер болуп чыккан Хиллари Клинтон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хилари Клинтон: дасторконго Трамп эмес, Путин менен отурмакмын
Басылманын маалыматында эстелик болгону үч сааттай турган. Андан соң жанына музейдин кызматкери келип, аны көздөй бир нерселерди ыргытып, жерге кулатууга аракет кылган. Интернет гезит күбө тартып алган видеону кошо жарыялаган. Анда эстеликти тепкилеп, андан соң ордуна коюуга аракет кылган Скиолиге музей кызматкери тоскоолдук жаратып, үстүнө отуруп жатканы көрүнүп турат.

Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип, Скиолиден эстеликти алып салууну талап кылган. Полициянын маалыматы боюнча бул боюнча эч ким кармалган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0