Ригада мусулмандарды интернеттен шылдыңдаган киши жоопко тартылды

CC BY 2.0 / Brian Turner / My Trusty GavelДжохар Царнаев приговорен к смертной казни
Джохар Царнаев приговорен к смертной казни - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал өткөн жылдын сентябрында ислам динин тутунган латыш аял боюнча материалга өтө орой комментарий жазган.

БИШКЕК, 19-окт. – Sputnik. Рига шаарынын соту интернетте мусулмандарды шылдыңдаган адамды 140 саат иштөөгө мажбурлаган өкүм чыгарды. Бул туурасында РИА Новости Delfi интернет-порталына шилтеме кылып кабарлады. 

"Кылмыш иши боюнча толук өкүм 25-октябрда чыгат, ал эми жазага тартылган киши 10 күндүн ичинде чечимге арызданса болот",— деп айтылат маалыматта.

Жип. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай: бала сатууга тиешеси бар аял өлүм жазасына тартылды
Өткөн жылдын сентябрь айында ал киши мусулман динин кармаган латыш аял боюнча материалга өтө орой комментарий жазган. 

Прокуратура мындай маанайда айтылган сөз Баш мыйзамды, негизги укуктар, эркиндик боюнча Европалык конвенцияны жана жарандык, саясий укуктар боюнча БУУнун пактысын бузарын айткан. 

Мындай кер ооздук сапат үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу, кыска мөөнөттө абакка отургузуу, мажбурлап иштетүү жана акчалай айып салуу каралган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0