Сауд Аравиянын канзаадасы өлүм жазасына тартылды

© Sputnik / Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүЭр-Рияд
Эр-Рияд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каролдук үй-бүлөнүн мүчөсүнө мындай жаза колдонуу Аравиянын монархиялык тарыхында биринчи жолу болуп жатат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Сауд Аравиянын бийлиги шейшемби күнү Каролдук үй-бүлөнүн мүчөсү Турки бен Сауд Аль Кебира канзаадасын өлүм жазасына тартканын РИА Новости "Аль-Арабия" телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Пан Ги Мун өлүм жазасына каршы пикирин билдирди
Билдирмеге караганда, канзаада өз досун үч жыл мурун өлтүрүүгө айыпталган. 

Тергөө иштери канзаада Эр-Риядда эс алуу учурунда Адил аль-Мхемида аттуу досун атып, дагы бир адамды жарадар кылганын аныктаган. Канзаада тарабынан жасалган кылмыш чоң резонанс жараткан. 

Өлүм жазасын Сауд Аравиясынын жогорку жана апелляциялык соту чыгарды. 

Каролдук үй-бүлөнүн мүчөсүнө мындай жаза колдонуу Аравиянын монархиялык тарыхында биринчи жолу болуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0