Украинада жасалма арактан 63 адам ууланып каза тапты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүНациональная грузинская игра "Лело Бурти"
Национальная грузинская игра Лело Бурти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери мындай балээлүү аракты даярдаган 11 кишини кармаган.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Украинада жасалма арактан каза болгондор бир суткада 5 кишиге өсүп, жалпысы 63 адамга жеткен. Бул туурасында РИА Новости Тамак-аш коопсуздугу жана колдонуучулардын укугу коргоо боюнча мамлекеттик кызматка таянуу менен жазып чыкты. 

Буга чейин аталган ведомстводон 135 адам ууланып, алардын 58и каза тапканын маалымдаган. Харьков, Донецк, Луганск, Николаевск жана Житомир облустарында арактан уулангандар боюнча маалымат 21-сентябрда эле айтыла баштаган. 

"2016-жылдын 18-октябрына саат тогузга карата алынган маалыматтарда жасалма ичимдиктен ууланган 140 учур аныкталып, анын 63ү адам өлүмү менен аяктаган",— деп айтылат маалыматта. 

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери мындай балээлүү аракты даярдаган 11 кишини кармаган. Дүйшөмбү күнү Украинанын прокуратурасы жасалма аракты жасап жана сатууга шектелген 25 жаштагы киши боюнча ачылган ишти сотко жөнөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0