Жан кечтинин чабуулунан Мосулда 70ке чукул аскер кызматкери каза болду

© REUTERS / AZAD LASHKARIМосулдагы Ирактын аскер кызматкерлери
Мосулдагы Ирактын аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү АКШ башында турган коалициянын колдоосу менен ирак армиясы менен күрд өзүн өзү коргоо күчтөрү Мосулду бошотуу боюнча операция башташкан.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун жан кечтиси Мосул шаарынын чыгыш аймагында аскер кызматкерлеринин колоннасына кол салып, 70ке чукул киши каза болду. Бул тууралуу Firat күрд агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Ирактын Мосул аймагынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Араб Эмираты Ирактын Мосулун калыбына келтирүүгө 50 млн. доллар бөлөт
Маалыматка ылайык, кол салуу Мосулдун чыгышында жайгашкан Гияр аймагындагы Билавет айылында болгон. Ирактын аскер кызматкерлери шаарга кирип баратканда жан кечти өзүн жардырып жиберген.

Дүйшөмбү күнү АКШ башында турган коалициянын колдоосу менен ирак армиясы менен күрд өзүн өзү коргоо күчтөрү Мосулду бошотуу боюнча операция башташкан. Ага 80 миңге чукул жоокер тартылганы маалымдалган. Армияга шаарды 2014-жылдан бери ээлеп турган "Ислам мамлекетинин" бир нече миңдеген согушкери каршылык көрсөтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0