Russia Today телеканалынын Улуу Британиядагы эсептери тоңдурулду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүRussia Today телеканалынын логотиби, Архив
Russia Today телеканалынын логотиби, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган чечим даттанууга жатпай тургандыгы аныкталды.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Russia Today телеканалынын Улуу Британиядагы эсептери тоңдурулду. Бул тууралуу "Россия сегодня" маалымат агенттигинин жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Twitter социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

"Биздин бардык эсептерди тоңдуруп салышты. Чечим даттанууга жатпайт экен. Жашасын сөз эркиндиги", — деп жазат ал. 

Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова абалга комментарий жазды. 

"Улуу Британия Евробиримдиктен чыгып жатып бардык милдеттенмелерди аткарууну көздөп жатса керек",— деп жазат ал. 

Russia Today (Россия сегодня) — телеканалы Москва шаарынан дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө көрсөтүлөт. Ага ааламдын 700 миллион көрүүчүсү күн сайын күбө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0