Францияда үйдүн балкону урап, төрт киши набыт кетти

© AFP / MATTHIEU ALEXANDREФранциянын тез жардам кызматы, Архив
Франциянын тез жардам кызматы, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балкондун урашы боюнча иликтөө башталды. Басылмада аталган имарат 2000-жылы курулганы айтылат.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Франциянын батыш тарабындагы үйдүн балкону урап, төрт киши каза болду. Кырсыктан дагы 11 адам жабыркады. Бул тууралуу Ouest-France басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, балкон ураганда анда жаңы конушту майрамдап жаткан 15 студент болгон. Натыйжада уранды өзүнүн алдындагы үчүнчү жана экинчи кабаттагы балкондорду да кыйратып, конструкция короонун ичине түшкөн. 

Окуя болгон жерге дароо полиция кызматкерлери менен өрт өчүрүүчүлөр келишкен. Балкондун урашы боюнча иликтөө башталды. Басылмада аталган имарат 2000-жылы курулганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0