Пекин шаарына боз түшүп, жол кыймылы кыйындады

© AFP / MARK RALSTON Пекин шаарынын жашоочусу, Архив
Пекин шаарынын жашоочусу, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пекин шаарынын бийлиги жума күнү эртең менен борборду коюу туман каптаганын жарыялады.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Пекин шаарынын бийлиги калааны каптаган калың тумандан улам "сары" деңгээлдеги чыңалган абал жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди. 

Осенний снег в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги кар. Кар алдында калган розалар, шайтан арабачан байке
Кытайда абанын булганышын аныктоочу төрт деңгээлдүү система 2013-жылы киргизилген. Кабыл алынган эрежелерге ылайык, бийлик коюу туман үч күндөн ашык турса "кызыл" деңгээлди жарыялайт. Ал эми үч күн турса —"кызгылт сары" деңгээли, эки күн турса — "сары" жана бир күн турса "көк" деңгээли киргизилет.

Экологиялык абалды көзөмөлдөөчү шаардык борбордун маалыматтарына ылайык эртең мененки саат 8.00дө абанын тазалыгы бир куб метрге 193 микрограммды түзгөн. Ал эми Эл аралык саламаттык сактоо уюмунун сунушталган деңгээли боюнча бир куб метрде 25 микрограмм гана болушу керек.

Жайында экологиялык абал салыштырмалуу жакшы болору маалыматта айтылат.

Тумандан улам бир чакырымдык аралык жол жакшы көрүнбөй калган. Пекин шаарындагы экологиялык абал акыркы жылдардагы эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп калды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0