БУУнун Башкы ассамблеясы Гутеррештин талапкерлигин башкы катчылыкка бекитти

© REUTERS / Denis Balibouse/File photoИзбрание Генерального секретаря ООН
Избрание Генерального секретаря ООН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гутерриштин талапкерлиги консенсус менен жактырылган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Антониу Гутеррешти башкы катчылыкка бекиткенин РИА Новости билдирди. 

Ал өз милдетин 2017-жылдын 1-январынан баштап аткарат.

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Пан Ги Мун өлүм жазасына каршы пикирин билдирди
Португалиянын мурдагы премьер-министри жана БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссары Гутеррештин талапкерлиги консенсус менен жактырылган.

Буга чейин анын талапкерлиги БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан бекитилген болгон

Бириккен Улуттар Уюмунун эң биринчи башкы катчысы болуп Трюгве Ли (Норвегия) болгон. Андан кийин Даг Хаммершельд (Швеция), У Тан (Мьянма), Курт Вальдхайм (Австрия), Хавьер Перес де Куэльяр (Перу), Бутрос Бутрос-Гали (Египет), Кофи Аннан (Гана), Пан Ги Мун (Түштүк) иштеген.

Гутерреш бул кызматта 2021-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0