Дубайда дүйнөдөгү эң бийик имарат курулууда

© REUTERS / Emaar Properties/HandoutДубайдагы The Towers курулушунун проекти
Дубайдагы The Towers курулушунун проекти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имаратты куруу демилгеси 2016-жылы жарыяланган. Анын курулушуна 1 миллиард доллар кетет деп пландалууда.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Дубайда The Towers аттуу эң бийик имараттын курулушу башталганын РИА Новости билдирди.  

Бишкек шаарынан көчөлөрүнүн долбоору, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин көчөлөрүн долбоорлоо үчүн 16 млн. сомго тендер жарыяланды
Маалыматка ылайык анын бийиктиги 928 метр болот. Дубайдын шейхи Мухаммед бен Рашид Аль Мактум анын пайдубалын түптөдү. Жаңы курула турчу имараттын бийиктиги Бурж Халифа имаратынан (828 метр) 100 метрге бийик болот.

The Towers имараты 2020-жылы курулуп бүтөт. Дал ушул жылы Дубайда эл аралык ЭКСПО көргөзмөсү өтөт.

Эң бийик имаратты куруу демилгеси 2016-жылы жарыяланган. Анын курулушуна 1 миллиард доллар кетет деп пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0